Кирүү

Кой жана эчки чарба институту

Кой жана эчки чарба институту - Бүткүл союздук Эмгек Кызыл Туу ордендүү кой жана эчки чарба илимий изилдөө институту. 1932-жылы Ставрополь шаарында уюшулган. Бөлүмдөрү: технология; технологиялык процесстерди механикалаштыруу; тоют даярдоо технологиясы; экономикалык жана уюштуруу; мал өстүрүү жана генетика; малды көбөйтүү жана колдон уруктандыруу биологиясы жана башка Тажрыйба жүргүзүү базасы, банитёрлордун жогорку мектеби бар.

Институт кой жана эчки багуунун жаңы технологиясы, өндүрүш процессин механикалаштыруу жана аны пайдалануу, кой жана эчки багууну зоналар боюнча адистештирүү, кой жана эчки селекция ыкмасын жакшыртуу жана башка маселелерди иштеп чыгат. Аспирантурасы бар. Илимий изилдөөлөрү жарыяланат.

Ой-пикирлер