Кирүү

Гексахлоран инсектициди

Гексахлоран - гексахлорциклогексан, ГХЦГ, гаммексан бензогексахлорид, 1, 2, 3, 4, 5, 6- гексахлорциклогексан өсүмдүктөрүнүн көп зыянкечтерине, ошондой эле мал мителерине каршы колдонулуучу инсектицид. Техникалык гексахлоран кескин жыттуу, кызгылт же бозомтук сары кристалл зат. Андан бир нече түрдөгү препарат даярдалып, алар өз алдынча же башка инсектицид менен бирге пайдаланылат.

Өсүмдүктөрдө гексахлоран түрдүү чегиртке, саратан жана башкаларга каршы, ветеринарияда бит, тыбытчыл, теричилерди, жайыт кенелерин жок кылууда, мал котуру жана башка ылаңдарды дарылоодо колдонулат. Гексахлоран препараттарын мөмө байлагандан кийин мөмө, жемиш бактарына, жүзүмзарга, баш алгандан кийин капустага, жашылчага чачууга болбойт. Кийинки жылдары тамак-ашка же тоютка пайдаланылуучу тамыры азык өсүмдүгү же картошка эгилүүчү аянтка да чачылбайт. Ошондой эле малды гексахлорандан уулануудан алдын алуу чараларын көрүү зарыл.

Ой-пикирлер