Кирүү

Зоотехниялык эсеп

Зоотехниялык эсеп - мал чарбасында өндүрүштүк жана малды асыл тукумдандыруу иштерин каттоо системасы. ССРБ де колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканалары үчүн милдеттүү түрдө бирдей формадагы документтер: акт, каттоо карточкалары, ведомость, күндөлүк, журнал, асыл тукум ишин каттоо китеби жана башка болгон. Чарбанын өндүрүштүк ишин чагылдыруучу зоотехниялык эсеп документтерине мал чарба азык-түлүгүн алуу, малдын түрү, саны, кириш-чыгышы, тоюттун чыгымдалышы жана башка жөнүндөгү маалыматтар катталат.

Малды асыл тукумдандыруу ишинде зоотехниялык эсеп тукумдук эркек жана тубар малды каттоо карточкасы (малдын аты, туулган убагы жана жери, породасы, теги, экстерьеринин өзгөчөлүгү, кунардуулугу жана башка көрсөтүлөт), малды колдон уруктандыруу китеби, төл каттоо журналы, малдын экстерьерине баа берүү ведомосту, тукумдук эркек малды теги боюнча баалоо журналы жана башка боюнча жүргүзүлөт.

Малды асыл тукумдандыруу боюнча алгачкы маалыматтар заводдук китепке жазылып, андан эң жарактуу мал жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик асыл тукум ишин каттоо китебине түшүрүлөт. Зоотехниялык эсеп маалыматтарын иштеп чыгуу, ыраатка келтирүү иштерин эсептөө техникасын пайдалануу менен адистер (зоотехник, бухгалтер жана башкалар) жүргүзөт.

Ой-пикирлер