Кирүү

Зоотехния илими

Зоотехния - мал тукумдатуу, тоюттандыруу, багуу жана пайдалануу жөнүндөгү илим. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн теориялык жана практикалык ыкмаларын иштеп чыгат. "3оотехния" терминин 1848-жылы француз илимпозу Ж. Бодеман сунуш кылган. Азыркы зоотехния илими мал чарба азык-түлүгүн алуунун үнөмдүү технологиясын иштеп чыгуу менен бирге так илимдерди кеңири пайдаланып, малдын биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илимдерге (жалпы биология, зоология, анатомия, гистология, физиология, биохимия, эмбриология, генетика жана башка) жана зоотехнияга тыгыз байланыштуу - ветеринария, агрономия, айыл чарбанын уюштуруу жана башка илимдерге таянат.

Башка илимдердей эле зоотехния илими өзүнүн изилдөөлөрүндө тарыхый, салыштырма, тажрыйбалык, статистикалык жана башка ыкмаларды пайдаланат. Жалпы жана айрым (мал түрү боюнча) зоотехнияга бөлүнөт. Жалпы зоотехния малдын бардык түрлөрүн жана породаларын көбөйтүү, тоюттандыруу, багуу жана пайдалануунун негизин, айрым зоотехния мал чарба тармагын жүргүзүүнүн технологиясын иштеп чыгат. Жалпы зоотехния мал өстүрүү, тоюттандыруу, багуу деген бөлүмдөрдөн турат. Зоотехниянын мал өстүрүү бөлүмүнүн негизги милдети малдын сапатын жакшыртуу жана санын көбөйтүү, ошондой эле малга таасир кылуунун жаңы жолдорун издөө болуп эсептелет.

Малдын мурда чыгарылган породаларынын азыктуулугун (эт, сүт, жумуртка, жүн жана башка) арттырууга жана жаңы породаларды чыгарууга асыл тукумдандыруу ишин жүргүзүүнүн (тандоо, ылгоо, аргындаштыруу жана башка) негизинде жетишилет, анын теория менен практикасын мал өстүрүү жөнүндөгү илим иштеп чыгат. Зоотехниянын мал тоюттандыруу бөлүмү малдын сиңимдүү заттарга (белок, май, углевод, витамин жана башка) муктаждыгын жана тоюттун химиялык курамы менен сиңимдүүлүгүн изилдөөнүн негизинде нормалап тоюттандыруу ыкмаларын иштеп чыгат.

Зоотехниянын мал багуу бөлүмү малды багуу ыкмаларын (короо-сарайда, үйүрдө жана башка) иштеп чыгат; ыкмалардын натыйжалуулугун жана фермадагы оор жумуштарды механикалаштыруу, автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. Зоотехния байыртадан эле мал чарбачылыгы пайда болгондон өнүгө баштаган. Биздин заманга чейинки I кылымда римдик жазуучу Варрондун, грек врачы Гиппократтын, грек тарыхчысы Ксенофонттун эмгектеринде малды сырткы түзүлүшү боюнча тандоо, баалоо, малдын келип чыгышы жана тукумунун сапаты, малдын конституциясы жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр учурайт. Мал тоюттандыруу, багуу жана уруктандыруу жөнүндөгү жолдомолор, ошондой эле порода түшүнүгү пайда болгон. Орто кылымда ат армияда кеңири пайдаланылгандыктан, жылкы жөнүндө атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

XIV кылымда араб окумуштуусу Абу Бекрдин жылкынын дене түзүлүшү жөнүндөгү трактаты жаралган. XVIII кылымдын аягында жаңы породалар түзүлгөн. Зоотехниянын өнүгүшүнө Ч. Дарвиндин "Түрдүн келип чыгышы" (1859) деген эмгегиндеги эволюциялык окуу зор таасир тийгизген. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында зоотехния илимине немец окумуштуусу К. Кронахер, швейцариялык У. Дюрст, англис Ж. Хаммонд, америкалыктар Э. Давенпорт, С. Райт, Ж. Лаш, В. Райс жана башкалар көп үлүш кошушкан. Россияда XVIII кылымда сүттүү уй породалары, эт-жүн багытындагы кой, тез жетилүүчү чочко, жүрүштүү жылкы, жумуртка берүүчү жана эттүү тоок породалары түзүлүп, малдын мурдагы породалары жакшыртылган.

1848-жылы Россияда биринчи айыл чарба жогорку окуу жайы - Горы - Горецк айыл чарба институту (азыркы Белоруссия айыл чарба академиясы), 1865-жылы Пётр дыйканчылык жана токой чарба академиясы (азыркы К. А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясы) ачылып, мал чарбасы өз алдынча атайын окутулган. XIX кылымдын 2-жарымы - XX кылымдын башында орус окумуштуулары Н. П. Чирвинский, П. Н. Кулешов, М. И. Придорогин, Е. А. Богданов, М. Ф. Ивановдордун зоотехния боюнча ири эмгеги пайда болуп, Россияда зоотехния илимине негиз салынган. И. И. Иванов иштеп чыккан (кийинчерээк В. К. Милованов) малды колдон уруктандыруу ыкмасы кеңири колдонулууда.

ССРБ де айыл чарбаны социалдык негизде кайра куруунун натыйжасында зоотехниялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимдин жетишкендиктерин өндүрүшкө жайылтуу үчүн база түзүлгөн. 1929-жылы В. И. Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясы (ВАСХНИЛ) жана анын карамагында Бүткүл союздук мал чарба илимий изилдөө институту, ошондой эле көптөгөн тармактык илимий изилдөө институттары, тажрыйба станциялары менен лабораториялардын уюштурулушу зоотехниянын өнүгүшүнө зор таасир тийгизди.

Советтик окумуштуулар Е. Ф. Лискундун мал өстүрүү жана тоюттандыруу, М. М. Заводовскийдин уй менен койдун тукумчулдугун жогорулатуу, Д. А. Кисловскийдин мал өстүрүү теориясы, М. И Дьяков менен И. С. Поповдун тоюттун аш болумдуулугу жана малды тоюттандыруу теориясы, В. О. Виттин жылкы чарбасы боюнча эмгеги зоотехния илимине чоң салым кошту. Советтик окумуштуулар малдын породасын чыгаруунун ыкмаларын илимий негизде иштеп чыгышты. ССРБ де малдын 60 тан ашуун породасы чыгарылган. Генетика илиминин жетишкендиктери мал чарбасынын теориясына жана практикасына терең кирүү менен малдын селекциялык белгилеринин, тукум куучулугунун мыйзам ченемдери изилденип, анын азыктуулугун көтөрүүдө генетикалык системалар кеңири колдонулууда.

Жергиликтүү тоют ресурстарын, тоюттун химиялык курамын, анын сиңимдүүлүгүн, биологиялык жактан толук баалуулугун аныктоонун, ошондой эле малдын организминдеги физиологиялык жана биохимиялык процесстерди изилдөөнүн негизинде малдын бардык түрүнүн сиңимдүү заттарды керектөө нормалары иштелип чыккан. Мал багуунун алдыңкы технологиялык ыкмалары ишке ашырылууда. Зоотехния илиминин негизинде Кыргызстандын мал чарбасы да өнүгүп, мал чарба азык-түлүгүн көбөйтүүдө чоң ийгиликтерге жетишилди.

Республикада малдын жаңы породалары - ала-тоо ую, олуя-ата ую, кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою, кыргыз жаңы жылкысы чыгарылды. Кыргызстанда зоотехния боюнча илимий иштер Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Биохимиялык жана физиология институтунда, Кыргызстан мал чарба илимий өндүрүш бирикмесинде, Кыргызстан айыл чарба институтунда жана башка жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер