Кирүү

Агрохимиялык лаборатория

1)агрохимия боюнча окууга же анализ жүргүзүүгө ылайыкталып жабдылган жай, 2) агрохимия боюнча атайын изилдөө иштерин жүргүзүүчү мекеме же мекеменин өзүнчө бөлүмү. СССРде агрохимиялык лаборатория жогорку окуу жайларда, илимий изилдөө мекемелеринде жана өндүрүштө уюштурулат. Зоналар боюнча түзүлөт.

Агрохимиялык лаборатория топуракты, жер семирткичти, өсүмдүктү, тоютту, уу химикаттарды, айыл чарба продукциясын жана материалын химиялык жактан анализдейт; анализдердин негизинде чарбалар боюнча агрохимиялык картограммаларды түзөт; жер семирткичти колдонуу боюнча тажрыйба жүргүзөт; картограммаларды, тажрыйбанын маалыматтарын пайдаланып, чарбалардын жер семирткичти керектөөсүн аныктайт. Ошондой эле өз зонасында дыйканчылыкты жана мал чарбасын химиялаштыруу боюнча илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин пропагандалап, өндүрүшкө кеңири жайылтат.

Ой-пикирлер