Кирүү

Жыйым

Жыйым - айыл чарбасында - чарбаны кеңейтилген түрдө жүргүзүү үчүн пайдаланыла турган накта кирешенин бир бөлүгү. Жыйым процесси материалдык өндүрүш сферасында өтөт да ал керектөө, алмаштыруу жана бөлүштүрүү ыгын аныктайт. Жыйым объективдүү процесс, ал үстөмдүк кылып турган коомдук-экономикалык мамилелердин социалдык мүнөзү аныкталат. Жыйым социализм менен капитализмдин шартында бири-бирине карама-каршы социалдык-экономикалык жыйынтыкка алып келет.

Капиталисттик өндүрүш жеке менчик өндүрүш каражатына негизделгендиктен капиталисттер жалданма эмгекти эксплуатациялоо жолу менен кошумча нарктын көбүрөөк бөлүгүн өзүнө ыйгарып алышат. Социализм мезгилинде жыйым капитализмде болбой турган темп жана масштаб менен ишке ашат, анткени коомдук менчик жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, өндүрүш каражатын жана эмгек ресурстарын туура пайдалануунун негизинде чарбанын пландуу өнүгүшү жыйымдын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнүн азыркы этабында дүң жана товардык продукциялардын эсүшү бир нече факторлорго байланыштуу. Бул факторлордун ичинен эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, продукциянын өз наркынын төмөндөшү, эмгек ресурстарын жана негизги фондуларды рационалдуу пайдалануу зор ролду ойнойт.

Ой-пикирлер