Кирүү

Кара күрүч

Кара күрүч - бир жана көп жылдык чөп өсүмдүгү. Жапайы жана эгилме 2түрү белгилүү. Эгилме кара курүчтүн тамыры жакшы өнүккөн. Сабагы көңдөй, кырдуу, бийиктиги 0,4-1,5 метр, 10-12 бутагы бар. Жалбырагы үч бурчтуу, жүрөкчө түрүндө. Вегетация мезгили 60-120 күн. Үрөнү топурактагы жылуулук 7- 8° С болгондо өнүп чыгат. Кара күрүч жумшак, кара топурактуу, кумай жерлерде жакшы өсөт. Ал кыртыштын кычкылдуулугуна чыдамдуу. Кара күрүчтөн ун жана акшак алынат. Данында 10-16% белок, 60-82% крахмал, 0,3-0,5% кант, 2,5-3% май, 12-16% клетчатка, адам баласы үчүн зарыл болгон минерал туздар (темир, кальций, фосфор, жез, иод жана башка ), органикалык кислоталар (алма жана лимон) жана Вb В2, РР витаминдери бар.

Кара күрүчтүн белогу жеңил сиңет, майы көпкө сакталат; даны, саманы тоют катары да пайдаланылат. Кара күрүч - балдуу өсүмдүк, тегиз гүлдөгөндө аарылар ар гектарынан 60-100 килограмм бал жыйнайт. Кара күрүчтүн мекени - Гималай тоолору. Анда деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жапайы түрүндө өсөт. Эгилме кара күрүч адегенде Индияга, андан кийин Кытай, Корея, Япония жана Орто Азияга, кийинчерээк Европа менен Түндүк Америкага, акырында Африкага таралган. ССРБ де кара күрүч УССР, БССР, Татар жана Башкырт АССРлеринде, Волга бою, Сибирь жана Ыраакы Чыгышта эгилген. Кеңири таралган сорттору: Калинин, Шатилов 5, Алп, Большевик, Славянка, Кызыл Уфа 216 жана башка. Кара күрүч зыянкечтери: кара күрүч жана кызылча бүргөлөрү, күздүкчү үкүчө, трипс; илдеттери: көк чирик, фузариоз, аскохитоз, дат жана башка.

Ой-пикирлер