Кирүү

Кошумча салмак

Кошумча салмак - белгилүү мезгилдин ичинде семиртүүнүн натыйжасында малдын салмагынын көбөйүшү. Негизги көрсөткүчү - салмактын бир сутканын ичинде көбөйүшү; грамм менен эсептелет. Бул үчүн малды системалуу түрдө таразага тартып, алынган кошумча салмакты семиртүүнүн мөөнөтүнө бөлүү керек. Кошумча салмактын деңгээли малдын түрүнө, породасына, жашына, жынысына, ошондой эле тоюттандырууга жараша болот. Жаш мал кошумча салмакты көп кошот. Мисалы, тянь-шань коюнун козулары энесинен бөлгөн кезде орточо кошкон суткалык салмагы 210-230 грамм.

Ой-пикирлер