Кирүү

Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси

Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси - республикада мал чарбасы боюнча бирдиктүү илимий-өндүрүштүк жана чарбалык комплекс. 1976-жылы уюшулган. Башкы илимий мекемеси - Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институту. Бирикменин негизги милдеттери: мал чарбасында илимий-техника прогрессти тездетүү - малдын продуктуулугун көтөрүү, малдын кунардуу породасын, породалык тобун, линиясын, гибридин чыгаруу, мурда чыгарылган породаларды жакшыртуу, мал чарба фермалары менен комплекстериндеги технологиялык процессти өркүндөтүү, мал чарбасында эмгекти илимий уюштуруу.

Бирикмеге караштуу чарбалар: "Оргочор" кой чарба тажрыйба станция (Жети-Өгүз району), "Тянь-Шань" (Тянь-Шань району), "Катта-Талдык" (Кара-Суу району) мал чарба тажрыйба станциялары; "Сокулук" (Сокулук району), "Кызыл-Октябрь" (Өзгөн району), "Кашка-Суу" (Алай району) тажрыйба чарбалары; "Кочкор" (Кочкор району), "Жергетал" (Талас району), Лущихин атындагы (Киров району), Стрельникова атындагы (Аламүдүн району), Ильич атындагы (Кемин району) мамлекеттик асыл тукум мал өстүрүү заводдору, № 53 жылкы заводу (Тянь-Шань району).

Булардан тышкары республикалык, областтык, район аралык жана райондук 40 (филиалдарын кошкондо) асыл тукум мал өстүрүү станция бар. Бирикмеге караштуу илимий мекемелерде чыгарылган мал породалары: алай кою, кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, ала-тоо ую, олуя ата ую, кыргыз жаңы жылкысы. Бирикменин чарбаларында 293,6 миң гектар жер (анын 367 миң гектары айдоо жер), 14 миңдей уй, 275 миң кой жана 5,5 миңге жакын жылкы бар. Бирикменин чарбалары колхоз, совхоздорго орто эсеп менен жылына 1200дөн ашуун асыл тукум музоо, 40 миңден ашык козу сатат.

Ой-пикирлер