Кирүү

Жугуштуу энтеротоксемия

Жугуштуу энтеротоксемия - секиртме - clostridium perfringens тобунун С жана Д тибиндеги микробдору бөлүп чыгарган уу заттар пайда кылуучу ылаң. Уу заттар ичегиден мээге, бүт ички органдарга тарайт. Негизинен кой, айрым учурда торпок, торопой, кулун, үй куштары да ылаңдайт. Кээде койдун 25-30% ылаңдап (көбүнчө жаз, күздө), анын 90% өлөт. Ал койдун ичегисинде пайда болуп, ылаң козгогуч микроб кыртышта, кыкта жана койдун ичеги-кары-нында көпкө сакталат. Ылаңдын споралары абдан туруктуу, 90 минута кайнаткандан кийин гана өлөт.

Ылаң катуу кармаганда мал басып баратып эле жыгылып, оозумурдунан ак көбүк куюлуп, башын кежеңдетип, тарамыштары тырышып, 2-3 саатта өлөт. Создугуп өткөндө мал оттобой, жаталактап, тыбырчылап, оозу-мурдунан көбүктөнгөн шүүшүң суюктук куюлат. Ылаң 5-8 күнгө созулат. Ылаңдын алдын алуу үчүн малды вакцина менен эмдөө, зоогигиеналык эрежелерди сактоо керек. Ылаң чыккан чарбада карантин чектеп, ылаңдаган малды бөлүп, бардык малга гиперимундуу кан сары суусу куюлат. Жугуштуу энтеротоксемиядан өлгөн мал териси менен кошо жок кылынат. Булганган короо-жай, жайыт эки жолу дезинфекцияланат.

Ой-пикирлер