Колхозчу дыйкандардын калыптанышы
Колхозчу дыйкандардын калыптанышы - Кыргызстанда. Колхозчу дыйкандар - социалдык коомдогу негизги таптардын бири. Алардын калыптанышы узакка созулган жана татаал процесс, өндүрүш каражаттарына карата болгон коллективдүү менчик менен байланышкан. Кыргызстанда колхозчу дыйкандардын калыптанышы башка союздук республикалардагыдай эле айыл чарбанын социалдык негизде кайра куруунун натыйжасында ишке ашырылган. Мунун негизин өндүрүштүн социалдык жолу түзгөн. Эгерде 1937-жылы 1897 колхоз 91,7% дыйкан чарбасын бириктирсе, 1940-жылы 1739 колхоз (колхоздордун саны аларды ирилештирүүнүн натыйжасында азайган) 98,9% дыйкан түтүнүн бириктирип, колхозчулардын саны 193148 адамга жеткен (1937-жылы - 167724).
Кыргыз айыл-кыштактарын коллективдештирүү алардын социалдык жол менен өнүгүшүндөгү бурулуш мезгил болгон. Бул кыргыз дыйкандарынын патриархалдык-феодалдык мамилелерден социалдык мамилелерге өткөндүгүн мүнөздөгөн. Кыргыз айыл-кыштактарын коллективдештирүү эки этапта өткөн: 1) 1928-1934-жылдары - колхоз курулушунда жер шериктештигинин жеңиши; 2) 1935-1940-жылдары - айыл чарба артели формасында колхоз курулушунун биротоло жеңиши. 1937-жылдын акырында 1934-жылдагы 738 жер шериктештигинин 512си калган. Алар 1938-1940-жылдары айыл чарба уставын кабыл алышкан. Ошол эле жылдары 17% дан ашык жеке дыйкан чарбалары колхозго өткөн, 15 миңден ашык көчмөн чарба отурукташып, колхозго биригишкен.
Бул Кыргызстан айыл чарбасында социалдык өндүрүштүк мамилелердин биротоло жеңгенин, республикада колхоз дыйкандарынын калыптанышы аяктаганын көрсөтөт. Кыргыз айыл-кыштактарын кайра куруунун аякташы менен дыйкандардын социалдык-экономикалык абалы түп-тамырынан бери өзгөрдү. Алар чарбанын социалдык системасы менен байланышкан жаңы тапка - колхозчу дыйкандар табына айланды. Колхоз курулушунун жеңиши менен кыргыз дыйкандарынын социалдык топторго (кедей дыйкан, орто дыйкан, бай, манап, кулак жана башка) бөлүнүшү жоюлуп, социалдык-экономикалык абалы боюнча жумушчу табы менен бир типтеги колхозчу дыйкандар табы калыптанган.
Коомдук жаңы мамилелер - достукта болуу жана өз ара жардамдашуу түзүлгөн. Социалисттик өндүрүштүк мамилелердин орношу менен жумушчу жана колхозчу дыйкан таптарынын ортосундагы коомдук өндүрүштүн белгилүү бир тарыхый системасында өздөрүнүн ээлеген орду өндүрүш каражаттарына карата болгон мамилелери, эмгекти коомдук уюштуруудагы өздөрүнүн ролу, киреше алуунун жолу жана өлчөмү боюнча болгон негизги айырмачылыктары жоюлду. Колхоздордогу бардык өндүрүштүк жана коомдук иш аракеттер демократиялык негизде түзүлдү. Колхоз курулушунун жеңиши менен колхозчу дыйкандардын маданий деңгээли да жогорулады. Мисалы, 1939-жылдагы эл каттоо боюнча айыл-кыштакта жашап, сабатсыздыгын жойгон 9-49 жаштагы адамдар 78,3% ды (анын ичинде эркектердин-83%, аялдардын - 72,7%) түзгөн. Азыр Кыргызстандын колхозчу дыйкандарынын саясий активдүүлүгү, маданияты жогору келип, коомду куруучулардан болуп эсептелет.