Акация бүлбүлдөгү
Акация бүлбүлдөгү - отчулдар (көпөлөк оттун жарыгына учат) тукумундагы көпөлөк; негизинен чанактуу өсүмдүктөрдүн зыянкечи. Алдыңкы канаты саргыч же күрөң боз, арткысы ачык боз. Денесинин узундугу 8-11 милиметр. Европа, Азия, Африка, Америкада, СССРдин Европа бөлүгүнүн түштүк, түштүк-чыгышында, Украина, Молдавия, Закавказье, Орто Азия, Түштүк Казакстан жана Ыраакы Чыгышта таралган. Жылына эки (түштүктө толук эмес үч) жолу тукумдайт.
Малагы топурактын астында (2-4 сантиметр), пиллада (узундугу 10-14 милиметр, жоондугу 5-6 милиметр) кыштап, май айында куурчакчага, майдын ортосу - июндун биринчи жарымында көпөлөккө айланат. Ургаачысы жумурткасын (600дөй) чанактуу өсүмдүктөргө таштайт. 7-12 күндөн кийин малак чыгып, чанактарга кирип, анын уругу менен азыктанат.
Малагы 19-30 күндөн кийин куурчакчага айланат. Акация бүлбүлдөгүнүн биринчи тукуму көбүнчө эрте бышкан буурчак, шалбаа буурчагы, жер буурчак жана акацияга ж. б., экинчи тукумунан чыккан малактар соя, кеч бышуучу буурчак сортторуна, жер буурчакка жана башка зыян келтирет.
Каршы күрөшүү чаралары: Акация бүлбүлдөгүнө агротехникалык ыкмаларды колдонуу, көпөлөгү, малагы өсүмдүк чанагына кире электе айдалган талаага метафос, севин, тиофос, хлорофос чачуу.