Кирүү

Динамометр аспабы

Динамометр, күч өлчөгүч - күч же күч моментин өлчөөчү прибор. Ал өлчөөчү механизмден (күч келүүчү звено) өлчөнүүчү чоңдукту бергич жана эсептегич түзүлүштөн турат. Өлчөнүүчү күч өлчөөчү механизмди кысканда бергич механизм эсептегич түзүлүштү иштетип, өлчөнүүчү күчтүн сандык маанисин көрсөтөт. Күчтүн өзгөрүшүн диаграмма түрүндө жазуу динамограф деп аталат. Динамометрдин негизги түрлөрү: тартма пружиналуу динамометр, гидравликалык поршендүү динамометр, электрдик динамометр, айланма динамометр.

Ой-пикирлер