Кирүү

Жем тоюту

Жем, концентрат-сиңимдүү заттары көп тоют. Буга эгин, буурчак, май өсүмдүктөрүнүн даны, алардын калдыгы, аралаш тоют, мал тектүү тоюттар кирет. Жем сиңимдүүлүгү боюнча углеводдуу жана протеиндүү болуп аиырмаланат. Жемдин углеводдуу тобуна крахмал менен кантка бай сулу, арпа, жүгөрү, кара буудай, улпак, акшак, таруу, майдаланган дан, ун тозоңу, жем, топ жана башка кирет.

1 килограмм тоютта 0,7-1,3 тоют бирдиги жана 70-80 грамм сиңимдүү протеин болот. Жемдин протеиндүү тобуна негизинен чанактуу өсүмдүктөрдүн дандары (буурчак, төө буурчак, соя, жасмык), күнжара, эт-сөөк, кан, балык уну жана башка кирет. 1 килограмм тоютта 0,7-1,2 тоют бирдиги жана 180-350 грамм сиңимдүү протеин болот. Жем малдын түрү, жашы, кунардуулугуна жараша берилет. Кесек жана чыктуу тоют малдын негизги рационун түзүп, жем кошумча тоют катары пайдаланылат. Жем чочко менен үй куштарынын негизги тоюту.

Ой-пикирлер