Кирүү

Гербицид деген эмне

Гербицид (латынча чөптөрдү жок кылуу) - керексиз өсүмдүктү жок кылууда колдонулуучу химиялык зат. Гербицид сууда эрүүчү күкүм, сууда суспензия пайда кылуучу нымдалышма күкүм, эмульсия, суу эритиндиси, паста жана бүртүкчө түрүндө чыгарылат. Өсүмдүккө тийгизген таасирине карата тандалма жана жалпы гербицидге бөлүнөт. Тандалма гербицид өсүмдүктүн айрым гана түрлөрүн, жалпы гербицид өсүмдүктүн бардык түрүн жок кылат.

Гербициддер ошондой эле тийме жана системалуу болуп айырмаланат..Тийме гербицид (нитрафен, реглон жана башкалар ) өсүмдүктүн кайсы жерине (жалбырак, сабак, тамыр) чачылса ошол бөлүгүн гана, системалуу гербицид өсүмдүктүн орган, ткандарында жылып, анын башка бөлүгүн да жабыркатат. Гербициддердин көбү - системалуу гербициддер (керб, фюзилад, которан, вензар жана башкалар ). Натрий пентахлор-феноляты, ДНОК жана нитрафенден башка бардык гербицид киши жана жаныбарлар үчүн анча уулуу эмес. Алардын 1000 миллиграмм /килограмм дозасы тажрыйба жүргүзүлүп жаткан жаныбарлардын 50% ын өлтүрөт (ооз аркылуу организмге киргенде). Кыргызстанда гербицид 60-жылдардын башынан колдонулат. 1985-жылы 256 миң гектар аянтка гербициддин 39 түрү чачылган.

Көп жылдык отоо чөптөргө каршы күрөшүүдө (буудайык, камыш, чырмоок, ажырык жана башкалар ) талаага күзүндө эгин оруп-жыйылгандан кийин 1 гектар аянтка 10 килограмм (600-800 литр эритинди) раундап (нито-сорг, глифосат жана башкалар ) чачылат. Андан кийин талаа механикалык жол менен иштетилбөөгө тийиш. Кой чарбасында гербициддик аргындаштыруу Англия, Жаңы Зеландия, Австралия жана АКШга, ошондой эле Түштүк Америка өлкөлөрүнө кеңири таралган. ССРБ де көбүнчө уяң жана жарым уяң жүндүү койлор эт багытындагы койдун кочкорлору менен аргындаштырылган.

Казакстанда мындай аргындаштыруу өндүрүшкө киргизилген. Уй чарбасында гербициддик аргындаштыруу көбүнчө породалар арасында жүргүзүлөт. ССРБ де сүт жана эт-сүт багытындагы уйлар эрте жетилүүчү эт багытындагы букалар менен аргындаштырылган. Гербициддик селекция иштерине таянып, келечекте өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен мал чарбасы жалпысынан гибриддин негизинде өнүгөрүн болжолдоого болот.

Ой-пикирлер