Кирүү

Аккумулятор боюнча кыскача маалымат

Аккумулятор латын тилинен жыйнагыч дегенди билдирет - электр ток булагынан алынган электр энергиясын топтоп (заряддалуучу), аны сактап, учурунда пайдаланууга берүүчү (разряддалуучу) түзүлүш. Жыйналуучу энергиянын түрүнө жараша электрдик, гидравликалык, жылуулук жана инерциялык аккумулятор болуп бөлүнөт. Аккумуляторду заряддоодо берилүүчү электр энергиясы химиялык энергияга, ал эми разряддалганда тескерисинче химиялык энергия электр энергиясына айланат. Жөнөкөй аккумулятор электр өткөрүүчү эритмеге-электролитке матырылган 2 электроддон (пластинадан) турат.

Иш жүзүндө электрдик аккумулятордун коргошундуу (кислоталуу) жана жегичтүү (никель-кадмийлүү же темир-никелдүү) 2 түрү колдонулат. Коргошундуу аккумулятор айыл чарба машиналарынын (көбүнчө авто-трактордун) электр жабдууларында: жарыктандыруу, кыймылдаткычтарда жумуш аткаруучу аралашманы күйгүзүү жана стартерди иштетүүдө ток булагы катары кеңири пайдаланылат.

Стартерлүү аккумулятор аз убакыттык күчтүү (чоң) разряддуу токко (400-500 ампер) эсептелген. Автомобиль, трактор жана комбайндарда чыңалуусу 6 же 12 вольт болгон стартерлүү аккумулятор батареялары колдонулат. Жегичтүү аккумулятор негизинен күчтүү ток талап кылынбаган прибор жана установкаларда колдонулат.

Ой-пикирлер