Кирүү

Агрардык өнөр жай комплекс кызматкерлеринин профессиялык союзу

Агрардык өнөр жай комплекс кызматкерлеринин профессиялык союзу — агрардык өнөр жай комплекс кызматкерлерин ыктыярдуу бириктирүүчү массалык коомдук уюм. 1953-жылдан Айыл чарба жана даярдоо жумушчуларынын жана кызматчыларынын профессиялык союзу, 1977-жылдан айыл чарба кызматкерлеринин профессиялык союзу, 1985-жылдан азыркыча аталат.

Анын структурасы жана ички иштери Профсоюздун уставына ылайык аныкталат. Ал өндүрүштүк принцип боюнча уюмдашып, демократиялык централизмдин негизинде түзүлөт: бардык профсоюз органдарын төмөнтөн жогору карай профсоюз мүчөлөрү шайлайт, ал органдар профсоюз мүчөлөрүнүн алдында отчёт берет, профсоюз уюмунун чечими профсоюз мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу боюнча кабыл алынат. Анын жогорку органы — профсоюз съезди.

Съезд Борбордук Комитетти шайлайт, союздук республикалык, край, облустук, аймак, райондо — конференция. Республикалык край, облусу жана райондук комитеттер жогорку профоргандардын жетекчилигинде иштеп, өз кезегинде баштапкы профсоюз комитеттерине жетекчилик кылат. Агрардык өнөр жай комплекс кызматкерлеринин профессиялык союзунун Кыргыз республикалык комитети 640000 профсоюз мүчөлөрүн бириктирет (1986).

Республикада агрардык өнөр жай комплекс кызматкерлеринин 4 обл., 40 райондук, 3 шаардык комитети, 1680 баштапкы профсоюз уюму (комитети) бар (1986). Профсоюз администрация менен бирдикте социалисттик мелдешти уюштурат жана анын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн алдыңкыларын сыйлоо маселесин чечет, эмгекчилерди план жана милдеттенмелерди аткарууга мобилизациялайт, чарбалык, коомдук иштерди башкарууга тартат жана башка Профком колхозчу, жумушчу, кызматчылардын атынан өндүрүштүк план долбоорун, капиталдык курулуш, турак жана маданий объектилерин куруу жана ремонттоо жана башка планын түзүүгө катышат; администрация менен бирге коллективдүү келишим (колхоздо эмгек келишимин) түзөт. Социалисттик мелдештин жыйынтыгын чыгарат; рационализатордук сунуштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт жана башка Профком эмгек мыйзамдарынын, коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөл кылат, эмгекчилердин даттанууларын карайт жана башка Профком мамлекеттик социалдык камсыздандыруу ишине жетекчилик кылат, пенсия жана көмөк чектөөгө катышат, эмгекчилердин ден соолугу үчүн камкордук көрөт жана башка көптөгөн чарбалык жана социалдык маселелерди чечет.

Ой-пикирлер