Кирүү

Жапалак багбанчылык

Жапалак багбанчылык, кодоо бак багбанчылыгы - жапыз мөмө дарагын (негизинен алма жана алмурутту) өстүрүү. Жапалак багбанчылык мурунку ССРБ нин түштүк аймактарында көп таралган. Алар бий алма сыяктуу жапыз мөмө дарагына кыйыштыруудан алынат. Жапыз өскөн мөмө дарагына (кыюу асты) кыйыштырылган дарак бийик өскөн даракка кыйыштыргандагыдан эрте мөмөлөп, көп түшүм (30 тонна /гектар ) берет; мөмөсү чоң жана канттуу болот.

Жапалак багбанчылыкта мөмө багын багуу жана мөмө жыйноо иштери жеңилдеп, көчөттү жышыраак отургузууга мүмкүндүк болот. Жапалак мөмө багын өстүрүүнун негизги ыкмасы - кыйыштыруу. Алма дарагы үчүн жапыз өскөн кыюу асты катары парадизка, алмурут үчүн бий алма пайдаланылат. Кидик алмага кыйыштырылган алма дарагынын бийиктиги 2,5-3 метрге жетет. Жапалак мөмө багы бир өңчөй массивдерди түзүүгө, бийик мөмө дарактарынын арасына отургузууга, тоо этектериндеги каптал жерлерди өздөштүрүүгө жана башка пайдаланылат.

Ой-пикирлер