Кирүү

Ветеринария хирургиясы

Ветеринария хирургиясы - ветеринария илиминин мал ылаңын операция жасоо жолу менен дарылоочу тармагы. Операциялык хирургия малды кан чыгарып (кесип) же кан чыгарбай (кеспей) операция жасоо ыкмасын, жалпы ветеринардык хирургия - хирургиялык процесстердин өнүгүшүн, жеке хирургия - жалпы ветеринардык маалыматтарынын негизинде дененин жана органдын белгилүү бөлүгүндө ылаңдын пайда болуу өзгөчөлүктөрүн жана башкаларды изилдейт.

Ветеринария хирургиясынан өз алдынча илимий тармак катары ветеринардык офтальмология (көз ылаңы жөнүндөгү илим) жана ветеринардык ортопедия (туяк ылаңы жөнүндөгү илим) бөлүнүп чыккан. Ветеринария хирургиясы өлкөнүн ветеринардык жана зооветеринардык институттарында окутулат. Ветеринардык институттарда, ветеринардык жана зооветеринардык жогорку окуу жайлардын хирургия кафедрасында ветеринария хирургиясы боюнча изилдөө иштери жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер