Кирүү

Гидромонитор аспабы

Гидромонитор - кубаттуу суу агымын пайда кылуучу аппарат. Суу 0,5 атмосфералык басым менен атылат. Гидромонитор гидротехникалык курулушта (плотина, дамба), чым көңдү гидравликалык ыкма менен алууда, кен ылгоо фабрикасында кендерди жууп, тазалап бөлүүдө колдонулат.

Негизги бөлүктөрү: насос, кабыл алгыч түтүк, тундурма, конус түрүндөгү түтүк, кийгизилме. Гидромонитордун иштөө принциби: суу жогорку басым менен насос аркылуу кабыл алгыч түтүккө берилет, андан кийгизилмеси бар конус түрүндөгү түтүккө келет да, чоң ылдамдык менен атылып чыгат. Түтүктөгү кийгизилменин диаметри ар түрдүү болот. 1 м³ кыртышты жемирилтүү үчүн. 6-12 м3 суу чыгымдалат.

Ой-пикирлер