Кирүү

Жылкы тууту

Жылкы тууту - бээ кулунун 11 ай (340 күн) көтөрөт. Эркек кулун бир-эки күн кеч туулат. Ар бир бээнин туутунун мөөнөтүн билип, тууруна 2 жума калганда көз салып турулат. Бээ туучу жайга кургак саман төшөлөт. Бээ тууруна жакындаганда желини толуп, кээде ууз сүт тамчылап, тынчсызданып улам курсагын карай берет, оттобойт, жатып-турганы көбөйүп, денесин тер басат. Адатта түнкүсүн, жатып тууйт. Туут 20-40 минутага созулат. Төлдүн чөбү көбүнчө кулун менен кошо же 15-20 минутадан кийин түшөт.

Кулундун чөбүнүн 2 сааттан ашык кармалып калышы бээни ооруга учуратып же майып кылышы мүмкүн. Мындай учурда чөптү кол менен алып таштайт. Эгерде кулун жарылбаган каканагы менен чыкса, аны тез жарып жиберип, кулундун оозу-мурдун аарчып, киндигин байлап, йод сүйкөйт. Түшкөн чөп көмүлүп ташталат. Кулун бир аздан кийин туруп эмчек издей баштайт, эмчек эме албаса, бөтөлкөгө энесинин сүтүн куюп, упчу менен эмизет. Туугандан 20-30 минутадан кийин бээге жылуу суу, 3-4 саат өткөндөн кийин сапаттуу чөп жана буудайдын нымдалган улпагы берилет.

Ой-пикирлер