Кирүү

Кампа деген эмне

Кампа - дан эгиндери же башка азык-түлүк-төр жана башка буюм-теримдер сакталуучу атайын имарат. Кампанын ичи бир нече бөлмөлөргө бөлүнүп, ал бөлмөлөрдө буудай, арпа, жүгөрү жана башка эгин өзүнчө сакталат. Көбүнчө дан эгиндеринин бир түрү (буудай же арпа жана башка) сакталуучу кампалар (ичи бөлүнбөгөн) көп пайдаланылат. Кампада айыл чарба шаймандары, химикаттар да өзүнчө сакталат. Азыр "Кампа " түшүнүгү кеңейип, сакталуучу азык-түлүк түрүнө жараша дан сактагыч, картошка сактагыч, жашылча сактагычтар жана башка пайда болду.

Кампа зыянкечтери

Кампа зыянкечтери - дан, дан азыктары, кургатылган жемиш, жашылча, ошондой эле дары, тери, тамеки жана башка сырьёлорду сактоодо, ташууда зыян келтирүүчү курт-кумурска, куш, кемирүүчү жана башкалар. Мурунку ССРБ нин аймагында кампа зыянкечтеринин 100 гө жакын түрү кезигет. Ал эми Кыргызстанда кампа зыянкечтерине кирүүчү кара коңуздардын эле 10 дой түрү бар. Мындан башка дагы ар түрдүү данчы шиш тумшук коңуз, күбө көпөлөгү, кене жана башка бир тобу белгилүү. Булардын эң эле зыяндуулары: ун кенеси жана кадимки түктүү кене, дан тешкич, анткор ууру, мавритания кара коңузу, шалы шиш тумшугу, кампа күбөсү жана башка Канаттуулардан - көгүчкөн, таранчы, кемирүүчүлөрдөн - чычкан, келес жана момолой чычкан да кампа зыянкечтерине кирет.

Айрым кампа зыянкечтери дан сактагычта, талаада (мисалы, шалы шиш тумшугу), кээ бири жалаң гана жабык имаратта (мисалы, кампа шиш тумшугу) же дан сактоочу жерде гана (мисалы, буурчак данчы коңуздар жана башка) кышташат. Кене залал келтирген урук өнүмдүүлүгүн 50% га, абдан зыян келтирилген буурчактар 85 пайызга жоготушу мүмкүн. Зыянкечтердин малактары зыян келтирген дандын салмагы 35-60 пайызга чейин азаят. Кампа шиш тумшугу менен кене кара көсөө спораларын дан эгинге жугузат.

Чычкан көп эгинди жеп (бир боз келемиш жылына 22 килограммга чейин, үй чычканы 7-9 килограмм), данды булгап, курулушту жана башкаларды бүлдүрөт, чума, холера, сибирь кулгунасы жана башка ооруларды таратат. Канаттуулар данды жейт (мисалы, таранчы күнүнө 12;-13 грамм ). Кампа зыянкечтерине каршы күрөшүү чаралары: физикалык-механикалык ыкма жана химиялык дары-дармектерди колдонуу менен жок кылуу; санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо; илдетке учурабаган данды өзүнчө сактап, мезгил-мезгили менен текшерип туруу жана башка. Дан жана дан азыктарын зыяндуу куштардан сактоо үчүн эшик, терезе жана башкаларды жаап, желдеткичтерге тор тартып, куштардын уяларын бузуп салуу керек.

Ой-пикирлер