Жугуштуу ринотралейт
Жугуштуу ринотралейт - уйдун вирустуу ылаңы. Дем алуу жолдорун, жыныс органдарын сезгендирет. Ылаң Америка, Европа жана Океания өлкөлөрүндө кеңири тараган. Ылаңдаган малдын температурасы көтөрүлүп, жөткүрөт. Оозу, мурдунан илээшкек суюктук куюлат. Саан уйлардын сүтү 50-60 пайызга азаят. Ылаң создугуп кетсе өпкөсү сезгенип, деми кыстыгат. Жыныс органдарында майда ириңчелер пайда болуп, жарага айланат. Бооз уй ылаңдаса музоо салат., Ылаң ылаңдуу малдын вирусунан жугат. Вирус ички, негизинен дем алуу органдары аркылуу кирет. Дарылоо: Ылаңдап айыккан малдын канынын сары суусу колдонулат. Алдын алуу: эмдөө, карантин чектөө, дезинфекция жүргүзүү.
- Кыргызстан кант кызылча тажрыйба-селекция станциясы
- CCCРде айыл чарбасы боюнча билим берүү
- Балык уулоо
- Кой териси
- Асфальт аралашмасы, бетону
Ой-пикирлер