Кирүү

Кокциддер

Кокциддер - куртчалар жана калкандуулар - тең канаттуулар түркүмүндөгү курт-кумурскалар түркүмчөсү. Дене узундугу 1-2 миллиметр, ургаачысы чала жетик, канатсыз, бутсуз, көзсүз, көпчүлүгү кыймылсыз болот; денеси өзү бөлүп чыгарган мом менен капталган. Эркеги адатта кош канаттуу. Кокциддерге калкандуулар, жалган калкандуулар жана башка кирет. 3600 дөй түрү бар. Мурунку ССРБ нин аймагында 500 дөн ашык түрү белгилүү. Жылына 1-2 жолу, айрымдары 3-4 жолу тукумдайт, жынысташып же партеногенездик жол менен көбөйөт.

Ар бир ургаачы кокцид 2700 дөн жумуртка таштайт. Айрым түрү тирүү тууйт. Кокциддин ургаачысы жана личинкасы өсүмдүктүн ширесин соруп, зыян келтирет. Айрыкча 50 дөй түрү Кавказдын Кара деңиз жээктеринде, Крымда, Закавказьеде, Орто Азияда мөмө өсүмдүктөрүнө өтө зыяндуу. Мөмө дарагынын жалбырагы эрте түшүп, дарак куурайт, мөмөсүн темгил так басат. Кокциддердин айрым түрү пайдалуу, андан өнөр жай үчүн керектүү чийки зат - шеллак жана кармин алынат.

Ой-пикирлер