Кирүү

Куш келтеси

Куш келтеси, сепсис энтерити - куштардын жугуштуу ылаңы. Жөжөлөрдө энтереколит катуу кармаган формасында, чоң куштарда билинбей өтөт. Куш чарбасы өнүккөн бардык өлкөдө бар. Үй куштарынан күрп, тоок, цесарка, кээде өрдөк; жапайы куштардан бөдөнө, чил, чымчык, каракур, кыргоол жана башка ылаңдайт. Куш келтеси ылаңдуу, ылаңдап айыккан куштардан жугат, суу, тоют, булганч куш кыгы аркылуу таралат. Ылаңдын белгилери: куштун алы кетип шалдырайт, температурасы көтөрүлөт, суусайт, ичи өтөт, жумуртка туубай калат жана башка Дарылоо чаралары: антибиотиктерден берүү. Алдын алуу чаралары: кушту багуу, тоют берүү эрежелерин туура сактоо; инкубациялануучу жумурткаларды формальдегид буусу менен дезинфекциялоо жана башка.

Ой-пикирлер