Кирүү

Жергиликтүү нормалар

Жергиликтүү нормалар - өндүрүштүн шартына ылайыкталып белгиленген (жергиликтүү ) убакыт (иштеп чыгаруу, мал багуу жана башка ) чени. Жергиликтүү нормалардын негизи катары жогорку уюмдар, илимий изилдөө мекемелери сунуш эткен типтүү норма алынат. Мындай нормалар негизинен орточо шартка ылайык чыгарылгандыктан, тигил же бул чарбанын шартына (нык топурак, борпоң жер, таштактуу жана башка ), талаанын конфигурациясына, технологиялык ыкмага жана башка жараша болушу мүмкүн.

Типтүү норманы шартка байланыштырып иштеп чыгууда, талааны жана ферманы паспорттоодогу маалыматтар, хронометраж жүргүзүүнүн натыйжасы, жумушчу күндү фотографиялоо, чарбадагы эмгекчилердин аткарган жумуш көлөмүнүн көрсөткүчү эсепке алынат.

Ой-пикирлер