Кирүү

Барометр аспабы

Барометр - атмосфера басымын өлчөөчү прибор. Иштөө принцибине жараша суюктуктуу (сымаптуу), металл (анероиддер), газдуу барометр жана гипсотермометрлер (жылуулук) болуп бөлүнөт. Көбүнчө сымаптуу барометр колдонулат. Ал туташ ичке 2 айнек түтүкчөдөн турган катыш идиш. Анын бирөө узун, жогору жагы туюк, экинчиси кыска, учу ачык болот да, сымап куюлган идишке матырылат.

Айнек идиштен аба сордурулуп ташталгандыктан абанын басымы аркылуу сымаптын бир бөлүгү идиштеги басымдын өлчөмүнө жараша айнек түтүк боюнча көтөрүлөт же төмөн түшөт. Атмосферанын басымынын өлчөмү түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги боюнча аныкталып, сымап мамычасынын миллиметри же мбар менен туюнтулат.

Ой-пикирлер