Кирүү

КПССтин агрардык саясаты

КПССтин агрардык саясаты - партиянын өлкөнү жалпы социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытынын составдык бөлүгү; айыл чарба өндүрүшүн, агрардык-өнөр жай комплексинин жана башка тармактарын натыйжалуу өнүктүрүү, кыштакта социалдык-таптык мамилелерди жөндөө боюнча илимий жоболор, максаттар, саясий жана башка каражаттар, практикалык иш-чаралар жыйындысы. Партия агрардык саясатын марксизм-ленинизм теориясынын негизинде иштеп чыгат. Айыл чарба, агрардык-өнөр жай комплекси партиянын экономикалык саясатынын негизги максатын - калк турмушунун материалдык жана маданий деңгээлин жогорулатууну ишке ашыруунун маанилүү шарты. Партиянын азыркы кездеги агрардык саясаты ар бир тарыхый өнүгүү этабынын конкреттүү шартын эске алуу менен түзүлөт.

Партиянын азыркы агрардык саясатынын принциптүү негиздери ССКП БКнын 1965-жылы Март пленумунда белгиленген. Агрардык саясаттын негизги багыттарынын бири - өндүргүч күчтөрдү өнуктүрүү жана жакшыртуу. Социалисттик айыл чарбанын материалдык-техника базасы чыңдалып, ал өнөр жайлык негизге которулууда. Партия ил.-техника прогресстин жетишкендиктерин колдонуу, айыл чарбасын комплекстүү механикалаштыруу жана химиялаштыруу, жерди кеңири мелиорациялоо, өндүрүштү рационалдуу түрдө жайгаштыруу, калдыгы жок же аз технологияны ишке киргизүү, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка чараларды ишке ащырууда. ССКП нын агрардык саясатынын дагы бир маанилүү багыты - айыл чарбасында жана агрардык -өнөр жай комплексинин ага байланыштуу башка тармактарында өндүрүштүк мамилелерди жакшыртуу.

Партия өндүрүштү адистештирүүнү тереңдетүү, агрардык-өнөр жай бирикмелерин түзүү, айыл чарба жана ага байланыштуу башка тармактардын ортосундагы экономикалык байланышты жакшыртуу, материалдык жактан кызыктыруунун лениндик принциптерин сактоо, жалпы элдик, кооперативдик жана жеке таламдарды туура айкалыштыруу иштерин жетектейт: Айыл эмгекчилеринин турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык чаралар системасын ишке ашыруу агрардык саясаттын чечүүчү маселелеринин бири болуп эсептелет. Партия шаар менен кыштак калкынын тиричилик жана эмгек шартын улам жакындаштырууга, айыл эмгекчилеринин жашоо мүнөзүн байытууга аракет жасоодо. Борбордук Комитеттин 1982-жылы Май пленуму ССКП нын агрардык саясатын чыгармачыл өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп калды.

Пленумда ССКП нын агрардык саясатынын башкы маселеси - калкты тамак-аш азык-түлүктөрү менен үзгүлтүксүз, туруктуу түрдө камсыз кылууга жетишүү - биринчи кезектеги экономикалык гана эмес, актуалдуу социалдык-саясий маселе экендиги белгиленди. ССКП БКнын саясий бюросу 1990-жылга чейинки мезгилге ССРБ нин азык-түлүк программасын иштеп чыгууну туура таап, жактырды. Азык-түлүк программасынын негизги жоболору айыл чарбанын мындан ары өнүктүрүүнүн башкы маселелери болду. Азык-түлүктү мамлекетке сатып өткөрүү баасы жогорулады, рентабелдүүлүгу төмөн, чыгашасы көп чарбалардын финансы абалын жакшыртуу чаралары белгиленди. Булар айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

Май пленумунда агрардык-өнөр жай комплексин бирдиктүү система жана өз алдынча башкаруу, пландоо объектиси катары бөлүү концепсиясы уюмдаштыруучулук түргө келди. Борбордо, респупбликада, край, область, райондордо айыл чарбанын башкаруу боюнча атайын уюмдар түзүлдү. Мында колхоз, совхоздордун кызыкчылыгын эске алуу менен өндүрүшкө жана анын натыйжасына түздөн-түз таасир берүүгө тийиштүү райондук башкаруу звеносуна чоң маани берилет. Партиянын агрардык саясаты ССКП 27-съездинде (1986-жыл, февраль) андан ары чыгармачыл өнүктүрүлдү. ССКП нын азыркы агрардык саясатынын башкы максаты - айыл чарба өндүрүшүнүн калктын тамак-аш продуктуларына, өнөр жайдын сырьёго болгон өсүп туруучу талабын толугу менен камсыз кылууга жетишүүсү.

Партиянын 27-съездинде бул максатты ишке ашыруунун айкын милдеттер" белгиленди. Алар: агрардык-өнөр жай комплексин бардык деңгээлде бирдиктүү бүтүн нерсе катары башкаруу, пландоо, финансылоо үчүн зарыл уюштуруу-экономикалык чараларды иш жүзүнө ашыруу; айыл чарбанын тийиштүү өнөр жай тармактары менен, айыл чарба илиминин өндүрүш менен интеграциясын күчөтүү; агро-өнөр жай комплексинин материалдык-техника базасын чыңдоо; чарба жүргүзүүнүн илимий негизделген системасын өздөштүрүү; биотехнология жана гендик инженериянын негизинде ургаалдуу технологиянын, тамак-аш жана башка өнөр жайдын талабына ылайык келген, чөйрө шартына туруктуу, мол түшүмдүү айыл чарба өсүмдүк сортторун, гибриддерин түзүүнү жана өндүрүшкө киргизүүнү күчөтүү; тоют базасын чыңдоонун, генетика менен селекциянын жетишкендиктери жана жаңы биологиялык ыкмаларды колдонуу менен малдын сапатын жакшыртуунун негизинде малдын жана бакма канаттуулардын продукттуулугун жогорулатуу жана башка ССКП нын агрардык саясаты - чыгармачыл саясат.

Ал советтик экономикадагы, агрардык-өнөр жай комплексиндеги өзгөрүүлөрдү, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн талаптарын дайыма эске алат. Ага жараша күндөлүк жана келечекки максаттар коюлуп, ал максаттарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга эмгекчилердин активдүү катышуусу уюштурулат.

Ой-пикирлер