Кирүү

Кепшөө

Кепшөө - кепшөөчү айбанаттарга мүнөздүү физиологиялык процесс; жеген тоютту кулгуп, кайра чайноо. Мал кепшөөнүн натыйжасында кесек тоютту жакшы сиңирет. Кулгуганда карындан кайра чыккан тоют ооздо шилекейленип, кайра жутулат. Кулгуу, чайноо жана кайра жутуу 40-50 минутанын ичинде бир нече жолу кайталанат. Малдын кепшөөсү 40-50 минутага созулуп, суткасына 6-10 жолу кайталанат. Малдын кепшебей калышы - анын ылаңдап калгандыгынын белгиси.

Ой-пикирлер