Кирүү

Айланма каражат, ал эмнелерден турат

Айланма каражат колхоз, совхоздун - продукцияны үзгүлтүксүз алуу жана сатуу үчүн керектелинүүчү запас өндүрүш каражаттары, бүтпөгөн өндүрүш чыгымдары, даяр продукциялар. Айланма өндүрүш каражат фондусунан жана жүгүртүү фондусунан турат. Айланма өндүрүш фондусу өндүрүш циклинде толук керектелинет жана наркын бүт бойдон жаңыдан алынган продуктуга өткөрөт.

Түзүлүшү боюнча ал эмгек заты (үрөн, тоют, минералдык жер семирткич, нефть продуктусу ж. б.) болуп эсептелет. Фондусу - бул жүгүртүү чөйрөсүндөгү каражаттар. Ага сатууга даяр болгон продукция наркы, акча каражаты, эсеп-кысаптагы каражат кирет. Айланма каражат түзүлүү булагы боюнча менчик жана карызга болуп экиге бөлүнөт. Биринчиси - ишканалардын өз акча каражаттары, экинчиси - кредит түрүндө мамлекеттик банктардан карызга алынган акча каражаттары. Айланма каражаттары тынымсыз айланып, чарбанын бир калыпта иштешин камсыз кылат. Айланма каражаттарды рационалдуу колдонуунун маанилүү шарты - анын айлануу темпин тездетүү, үнөм режими жана чарба эсеби болуп эсептелет.

Ой-пикирлер