Кирүү

Жуковский Петр Михайлович

Жуковский Пётр Михайлович (1888, Кишинёв - 1975) - советтик ботаник. ВАСХНИЛдин академиги (1935). Германия айыл чарба илимдер академиясынын мүчөсү (1955), ардактуу доктор (1968). 1940-жылдан баштап ССКП мүчөсү. Новороссийск университетин (Одесса, 1911) бүткөн. 1923-жылдан баштап Тбилиси политехникалык институтунун профессору, К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясында ботаника кафедрасынын башчысы (1934- 1952), Бүткүл союздук өсүмдүк өстүрүүчүлүк институтунун директору (1951-1960), 1962-жылдан Ленинград университетинин профессору, 1925-1927-жылдары Кичи Азия, Сирия жана Месопотамияда экспедицияда болуп, өсүмдүктөрдүн 10000 ге жакын үлгүсүн жыйнаган.

1956 жана 1958-жылдары Аргентина, Чили, Перу, Мексикада болуп, селекция үчүн көп өсүмдүк үрөнүн алып келген. Кавказга бир нече жолу экспедицияга барган. Мите менен ээсинин биргелешкен эволюциясы, экинчилик меристемадан ювенилдик өркүн пайда болушу теориясын иштеп чыккан. 1923-жылы буудайдын илдет, зыянкечке иммунитети өтө жогору, селекцияда баалуу жаңы түрүн алгачкылардан болуп тапкан. ССРБ мамлекеттик сыйлыгынын (1943) лауреаты. Н. И. Вавилов атындагы сыйлыкты алган. Төрт жолу Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Ой-пикирлер