Кирүү

Кыргызстан зоналык машина сыноо станциясы

Кыргызстан зоналык машина сыноо станциясы - 1960-жылы Кант районундагы Фрунзе атындагы кызылча совхозунун базасында уюштурулган. Анын негизги милдети республиканын айыл чарбасында колдонуучу техниканы өндүрүштө сыноо. Станциядан СКРН-6, СТСИ-6 кызылча сеялкасы, СКН2-60, СКН2-60П, СКП-21 комбайны, КРН-4,2 культйватору, ППС-6У, ППС-6-1 суюлткучу, жамгырлатма ДДА-Ю0М агрегаты жана башка сыноодон ийгиликтүү өткөрүлүп, чарбада пайдаланууга сунуш кылынган, натыйжада кант кызылчасын өстүрүүдө эмгек өндүрүмдүүлүгүн 2 эсе жогорулатууга мүмкүндүк берген. Машина сыноо боюнча мамлекеттик тапшырмаларды ийгиликтүү орундаткандыгы, дыйканчылык менен мал чарбасын өнүктүрүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн станция 1971-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер