Кирүү

Айыл чарба ишканасынын өндүрүш каражаты

Айыл чарба ишканасынын өндүрүш каражаты - колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларында материалдык байлыктарды чыгарууда пайдалануучу эмгек каражаттарынын жана заттарынын жыйындысы. Эмгек каражаттары бир нече топко бөлүнөт. Айрым эмгек куралдары эмгек заттарына түздөн-түз таасирин тийгизсе (трактор, комбайн, айыл чарба машина, унаа ж. б.), кээ бирөөлөрү эмгек заттарына активдүү таасир тийгизбей, бирок өндүрүштүн жүрүшүнө толук шарт түзүп турат (автомобиль, имарат ж. б.). Эмгек заттарына адам эмгеги менен алынган, даярдалган табигый байлыктар, сырьё жана башка материалдар да кирет.

Жер бир эле мезгилде эмгек каражаты да, заты да болот. Бирок ага баа коюлбагандыктан фондулардын жалпы наркына кирбейт. Айыл чарба ишканаларынын өндүрүш фондусу эки бөлүктөн турат: негизги жана айланма фондулар. Негизги фондулар - узак убакыт бою өндүрүш процессине катышып, өз наркын даяр продукцияга өткөзө турган өндүрүш каражаттары (имарат, трактор, машина ж. б.). Ал эми айланма фондулар болсо, өз наркын даяр продукцияга бир жолку өндүрүш циклинде өткөрөт (тоют, үрөн, күйүүчү май, жер семирткич ж. б.).

Ой-пикирлер