Кирүү

Кенеп өсүмдүгү

Кенеп - гүлкайырлар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Өзөк тамырлуу, жерге 1,5-2 метр кирип, тарамдалып өсөт; сабагы (бийиктиги 5-6 метрдей) түз, бутактанып өсөт. Жалбырагы ири тарамдуу, жалбырак сабы узун. Гүлү чоң; ак, күрөң түстүү, мөмөсү беш уялуу, түктүү кутуча (ар кутучада 15-20 урук болот); 1000 уругунун салмагы 20-28 грамм. Кенеп күнөс, нымдуу, кара топурактуу жерде жакшы өсөт.

Кытай, Индия, АКШда эгилет. Вегетация мезгили 125-145 күн. Кенептин кургак сабагында 16-21% була бар, андан таар, брезент, аркан, жип жана башка жасалат. Уругунда 18-20% май (булгаары, самын, боёк жасоодо пайдаланылат) болот. Бакалынан кагаз жана курулуш тактасы даярдалат. Күнжарасы тоют, жер семирткич катары пайдаланылат. Мурунку ССРБ нин аймагында кенеп тажрыйба катары эгилет. Илдеттери - боз чирик жана башка ;. зыянкечтери: үкүчөлөр, кызылча канталасы жана башка.

Кенеп бастыргыч

Кенеп бастыргыч - бооланган кенепти бастыруучу (майдалоочу) машина. Ал бооланган кенепти тарап, уругун топон жана башка кошундудан тазалайт. Негизги тетиктери: кысуучу транспортёр, тароочу барабандуу аппарат, элеватор, тароочу аппарат, калбыр, желдеткич, дөңгөлөктүү рама, кардандуу түзүлүш, кыймыл өткөргүч. ССРБ де МКФ-6 кенеп бастыргычы чыгарылган. Саатына 6,3 тонна кенеп бастырылат. Тракторго агрегатталып, тетиктери трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. Тракторчу жана 6 киши тейлейт.

Ой-пикирлер