Кирүү

Которуштуруп эгүү ирээти

Которуштуруп эгүү ирээти - которуштуруп эгүү талааларында айыл чарба өсүмдүктөрүн белгиленген ырааттуулук менен алмаштырып эгүү мөөнөтү.

Которуштуруп эгүүнүн агроэкономикалык жактан негиздөө

Которуштуруп эгүүнүн агроэкономикалык жактан негиздөө - которуштуруп эгүүгө агротехникалык жана экономикалык жактан баа берүү; которуштуруп эгүү системасында мамлекетке продукция сатуу боюнча милдеттенме аткарылып, жер, өндүрүш каражаттары, эмгек ресурстары жана башкаларды туура пайдаланылышын көрсөтөт. Көрсөткүчтөрү: продукциянын ар гектардан жана бир адамга карата алганда накталай же акчалай өндүрүлүшү; продукция бирдигинин өзүнө турган наркы; аянт бирдиги менен продукция бирдигине жумшалган эмгек; сарпталган 100 сомго алынган продукция; 1 гектарга жана продукция бирдигине эсептегенде алынган накта киреше.

Ой-пикирлер