Кирүү

Чарба бухгалтерия балансы

Бухгалтерия балансы - совхоз, колхоздо - бухгалтердик отчёттуулуктун негизги формасы, көрсөткүчтөр системасы. Чарба каражаттары жана анын булактарынын абалы бир датада чагылдырылган бухгалтердик эсептин ыкмасы. Бухгалтерия балансы мурунку ССРБ нин финансы министерствосу, Борбордук статистика башкармасы бекиткен типтүү форма боюнча түзүлөт. Актив жана пассив бөлүктөрүнөн турат.

Активинде чарба каражаттарынын курамын, абалын, жайгашышын, пассивинде анын булактарын, түзүлүшүн жана алардын милдетин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр акчалай чагылдырылат. Ошондой эле актив бөлүгүндө негизги жана айланма каражаттар, пассивинде мамлекеттик банк кредити, атайын, фонд, кредит карызы, капиталдык ремонтко жумшалуучу каражат булактары жана башка көрсөтүлөт.

Бухгалтерия балансында чарба каражаттарынын, анын булактарынын отчёттук мезгилдин башындагы жана аягындагы абалы чагылдырылат. Бухгалтерия балансынын көрсөткүчтөрүн түзүү чарбанын өндүрүш каражатын жана толук жабдылышын, эсептешүү абалын көрсөтүп, ишкананын финансы абалын баалоого мумкүндүк берет. Бухгалтерия балансы башка мекеме, ишкана, уюм жана жеке адам менен болгон экономикалык мамилелерди да чагылдырат.

Бухгалтерия китеби

Бухгалтерия китеби - эсеп регистринин бир түрү. Анын өзгөчөлүгү - эсеп-кысап иштери жазылуучу барактар чогуу түрдө бир китепте тигилүү болот. Жазылган эсеп-кысап ишинин жоголбой сакталышын камсыз кылат. Колхоз, совхоздордо кеңири колдонулган.

Ой-пикирлер