Кирүү

Ветеринария-санитария станциясы

Ветеринария-санитария станциясы - шаардагы, шаарга жакын колхоз менен совхоздордогу мал чарбасын, ошондой эле тери, жүн сырьёлорун иштетүүчү жана башка ишканаларды тейлөөчү мекеме. Атайын машина менен жабдылган. Станция өзү тейлеген аймактагы мал багылуучу жайды, тери сырьёлорун дезинфекциялайт, малдын өлүгүн утилизация ишканаларына жеткирет, айбанат кутурмасына каршы иш чараларды жана мал, куш багуу, алардын сырьёлорун иштетүүчү ишканаларда ветеринария-санитария көзөмөлүн жүргүзөт жана башка иштерди аткарат.

Ой-пикирлер