Кирүү

Кам каймак

Кам каймак (сливки) - майы көп сүт азыгы; сүттү сепаратордо тартуу менен алынат. Сепаратор чыкканга чейин сүттү идишке куюп (12-24 саат кармагандан кийин кам каймак үстүнө калкып чыгат) каймактаткан. Майлуулугу 10%, 20% жана 35% кам каймак мамлекеттик сүт заводунда же колхоздун ишканасында алынган. Жогорудай майлуулуктагы кам каймак алыш үчүн алар нормалдаштырылат: эгер каймакта кислота май көбүрөөк болсо, ага керектүү өлчөмдө сүт кошулат; майы азыраак болсо майлуу каймак кошулат.

Майлуулугу 20% кам каймак 78-80° С де жана 30% кам каймак - 85-87° С температурада пастерленет да, ошол замат атайын муздаткычтарда суутулат. Андан кийин 0,5 литр жана 0,25 литр айнек банкаларга же пакеттерге куюлат. Майлуулугу 10-20% жана 35% кам каймактын кычкылдуулугу 19, 18 жана 16° Т ден, заводдон чыкканга чейин температурасы 8° С ден ашпайт. Майлуулугу 10% кам каймактын калориялуулугу (100 граммдай) 1179, 20% дуунуку 2131, 35% дуунуку 3345 болот. Кам каймак коюлтулган, кургак жана суусундук түрүндө да чыгарылат. Каймак - май, каймак, бал муздак жана башка сүт азыктарын алуу үчүн да пайдаланылат.

Ой-пикирлер