Кирүү

Калинин кою

Калинин кою - эт-жүн багытындагы кой породасы. Калинин облусунда жергиликтүү кыска куйруктуу койду линкольн коюнун кочкорлору менен аргындаштыруудан чыгарылган. Бул породадагы койлор ири, эттүү жана дене түзүлүшү жакшы. Жергиликтүү шартка ыңгайлашып, чыдамдуу келет. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 103-113 килограмм, соолугунуку 51-65 килограмм. Кочкорунан 6,2-6,3 килограмм, соолугунан 3,3-4,2 килограмм жүн кыркылат. Жүнү ак, узундугу 15-18 сантиметр, ичкелиги 48-сапатта; 65% таза жүн чыгат. Ар жүзүнөн 140-160 козу алынат. Калинин облусунда асыралат.

Ой-пикирлер