Кирүү

Кефир

Кефир - кычкыл сүт азыгы. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85-87°С температурада 5-10 минута же 90-92°С де 2-3 минута пастерленип, 19-23°С ге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3-5% кефир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган килкилдек продукт 8-10°С температурада түрдүү убакытка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) жана өтө ачыган (3 күндүк), кычкылдуулугу ар башка (80-120°Т) кефир айырмаланат. Өтө ачыган кефирде сүт кычкылы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо заттары азыраак болот.

Сүт заводдору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 жана 6%), С витаминдүү майлуу, 2,5% майы бар мөмө-жемиш ширелүү жана майы аз (0,5%) кефир чыгарат. ССРБ де кефир көбүнчө чоң идиште (көлөмдүү сүт танкында) ачытылып, даяр продукт бутылкага же полимер капталган кагаз пакеттерге куюлган. Сүткө караганда кефир организмге жакшы сиңет жана мүнөздөп тамактанууда пайдаланылат. Өгө ачыган кефир ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. Кефирди 0°С ден жогору эмес температурада 3 суткага чейин сактоого болот.

Ой-пикирлер