Кирүү

Жапан аары

Жапан аары - уюкташып уя салып жашоочу аарылардын түркүмү. Чоңдугу 3,5 сантиметрдей, денеси түктүү. Жапан аарынын бир нече түрү бар. Америка, Австралия, Африка, Индия, Инди-Кытай, Түштүк Америкада көп. Орто Азия, Кавказ, Башкырт АССРи жана Кыргызстандын токойлорунда, тоо-таштарында да арбын кездешет. Азыркы бакма аары жапан аарыдан чыккан. Жапан аары жер шартына жараша дарак көңдөйүнө, таштардын коңулуна, жардын же тамдын кычыгына уюктайт. Жапан аарынын кээ бири өздөрү уюк жасабай, башка аарылардын уюктарына тукумдайт. Жапан аары өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда зор роль ойнойт.

Ой-пикирлер