Кирүү

Диета терапиясы

Диета терапиясы - малда - ылаңдаган малды дарылоо максатында мүнөздөп тоюттандыруу. Диета терапиясы малдын нерв системасына, зат алмашуу процессине таасир тийгизип, анын ишке жарамдуулугун, азыктуулугун жана башка калыбына келтирет. Малды мүнөздөп тоюттандырууда белгиленген режимди толук сактоо керек; ылаңга жараша аш болумдуу жана сапаттуу тоюттардан рацион түзүлөт.

Мүнөздөп тоюттандыруунун төмөндөгүдөй түрлөрү бар: жүрөк-кан тамыр жана өпкө дартына чалдыкканда - жакшы сиңимдүү, аш болумдуу, витаминдүү (өзгөчө А, Вb, В2, С), белок жана углеводдуу тоют аз-аздан суткасына 5-6 жолу берилет; боор дартЫна чалдыкканда - углеводдуу тоюттардын саны көбөйтүлүп, рациондун суткалык нормасы 50 пайызга чейин азайтылат; бөйрөк дартына чалдыкканда ылаңдын мүнөзү эске алынат.

Нефриттин тез өтүүчү формасы менен ылаңдаса биринчи күндөрү бир аз суу жана глюкоза берилет. Нефроз болгондо чанактуу өсүмдүк менен эгин жеми көбүрөөк берилип, чыктуу тоют, атала мүмкүн болушунча рациондон азайтылат. Ооз, тил жана кулкундун былжыр челдери сезгенгенде сулунун, буудай акшагынын кайнатылган маңызы, шалбаа чөбү жана башка (ысык сууга жумшартылып) берилет.

Ой-пикирлер