Кирүү

Айыл чарбасындагы автомобиль тууралуу

Автомобиль деген эмне — өз кыймылдаткычы менен рельссиз жолдо жүрүүчү дөңгөлөктүү машина. Автомобиль ыңгайлуулугуна карата эл чарбасынын бардык тармактарында колдонулууда. СССРде биринчи автомобиль 1924-ж. чыгарылган. Аткарган ишине жараша транспорттук, атайын жана спорттук автомобилдер бөлүнөт. Транспорттук автомобильден (жеңил, жүк, жүк-жүргүнчү ташуучу) кеңири таралган. Жүк ташуучу автомобилдин сыйымдуулугу жүргунчу менен өлчөнөт. Жүк ташуучу автомобилдин кузову өзү түшүрмө жана атайын жүк ташууга ылайыкталган болот.

Өзү түшүрмө автомобиль чубурма жүктү (эгин, жашылча) да ташыйт. Ташыган жүгүнө жараша автомобиль (көчмө ремонт мастерскою, тракторго май куюучу агрегат, автоцистерна, автокран, автодезустановка, санитариялык жана өрт өчүргүч) атайын кузов, бак жана башкалар менен жабдылат. Спорттук автомобиль спорттук мелдештерге катышууга ылайыкталган. Күч бергич установкасы боюнча электрдик жана ичинен күймө кыймылдаткычтуу автомобилге бөлүнөт. Айыл чарбасында көбүнчө күймө кыймылдаткычтуу автомобиль гана пайдаланылат. Автомобилдин негизги бөлүктөрү: кыймылдаткыч, кузов жана шасси. Кыймылдаткыч автомобилди кыймылга келтирүүчү күч берүүчү установка. Кузову шассиге орнотулат. Автомобилдин кыймылдаткычтан жетелөөчү дөңгөлөккө күч берүүчү, аны башкаруучу жана жүргүзүүчү бардык бөлүктөрү менен механизмдери шассини түзөт. Шасси трансмиссиядан (күч бергичтен), жүрүүчү бөлүктөн, рулдук жана тормоздук башкаруу механизмдеринен турат.

Кыймылдаткыч

Автомобильге поршендүү ичинен күймө кыймылдаткыч (эки тактылуу карбюратордуу, эки, төрт тактылуу дизелдик) жана газ менен иштөөчү кыймылдаткыч орнотулат. Трансмиссия кыймылдаткычтан жетелөөчү дөңгөлөктөргө күч берет. Эки октуу трансмиссия илиништиргичтен, кыймыл берүүчү кутудан, кардандык кыймыл өткөргүчтөн, арткы жетелөөчү октон турат. Автомобилдин жүрүү бөлүгү рама, ок, дөңгөлөк жана асмадан турат. Рамага автомобилдин бардык бөлүктөрү, механизмдери жана кузову орнотулат. Дөңгөлөктөр түз эмес кара жолдо бири-бирине жолто болбогондой рамага өз алдынча асып бекитилет.

Автомобилдин башкаруу механизмдери: рулдук башкаруу жана тормоздоо системасынан турат. Рулдук башкаруу автомобилдин жүрүү багытын өзгөртөт, ал руль механизминен жана дөңгөлөктөргө бекитилген кыймылга келтиргичтен турат. Автомобилди башкаруу жана тормоздоону жеңилдетүү үчүн кыймылга келгич механизмге пневматикалык, гидропневматикалык, гидравликалык күчөткүчтөр орнотулат. Автомобилдин электр жабдуулары электр ток булагынан (генератор жана аккумулятор батареясы) турат. Аларга төмөнкүлөр кирет: кыймылдаткычтын цилиндринде күйүүчү аралашманы тутандыруучу от алдыруу системасы; муунактуу валды айландыруучу электр стартерин иштетүүчү система; сырткы жана ички жарык кылуучу приборлордон турган жарыктандыруу системасы; сигнал берүү системасы (үн сигналы, бурулуу жана токтоо сигналы); текшерүү приборлору (амперметр, термометр, манометр, май өлчөмүн муздатуу системасындагы суунун температурасын көрсөткүч ж. б.).Техникалык тейлөө автомобилдин көпкө иштешин камсыз кылуу үчүн алдын ала түзүлгөн график боюнча жүргүзүлөт. Автомобилди ремонттоо эскирген же бузулган агрегаттары менен механизмдеринин иштешин калыбына келтирүү, башкача айтканда жешилген жана сынган тетиктерин жана бөлүктөрүн ремонттоп, зарыл болсо алардын айрымдарын же баарын алмаштыруу. Ремонт кезектеги жана капиталдык болуп экиге бөлүнөт. Учурда электр кыймылдаткычтуу автомобилдер жаңыдан чыгууда, бирок бул технологиядагы автомобилдер мурда эле бар болчу. Мындай автомобилдердин кыймылдаткычынын ремонту көп талап кылынбайт, тагыраакк айтканда дээрлик бузулбайт десе болот, бирок энергия берүүчү батареясы тезирээк жарактан чыгат.

Ой-пикирлер