Кирүү

Корнуэлл тоогу

Корнуэлл тоогу - корниш-эт багытындагы тоок породасы. Байыркы англис тоогун азиль жана малай породасы менен аргындаштырып, Англиянын Корнуэлл графтыгында чыгарылган. Өңү ак, кара жана башка, эттүү келет. Корозунун тирүүлөй салмагы 4,3 килограммга чейин, мекияны 3,2 килограмм. Жылына 110-130 жумуртка тууйт. Жумурткасынын салмагы 57-58 грамм. Жөжөсү тез чоңоёт. Мурунку ССРБ нин аймагында корнуэлл тоогунун АКШ, Канада, Голландия жана Япониядан алынып келинген бир нече линиясы бар. Литва ССРинде, Москва, Ленинград облусунда корнуэлл тоогунун тукумун жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн.

Ой-пикирлер