Кирүү

Көкөмерен

Көкөмерен - эрин гүлдүүлөр тукумундагы бир же көп жылдык бадал сымал өсүмдүк уруусу. 30 дай түрү Жер Ортолук деңиз жээгинде, Алдыңкы жана Орто Азияда таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында 25, анын ичинде Кыргызстанда 8 түрү кездешет. Гүлүндө, жалбырагында эфир майы болот. Парфюмерияда самынга, тиш жуугуч порошокко, пастага жагымдуу жыт берүү үчүн жана медицинада пайдаланылат. Көкөмеренден ментол майы да алынат.

Көкөмерендин негизги түрлөрү: жыттуу көкөмерен, ичке көкөмерен, баштуу көкөмерен. Жыттуу көкөмерен -көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 50 сантиметрдей. Сабагы бутактуу, тамыры жоон, жалбырагы жөнөкөй, майда, сүйрү, тушташ жайгашат. Гүлү майда, мала же көгүш кызыл, топ гүлү - башча. Көкөмерен өрөөндө, адырда, бөксө тоолордун таштак, кумдак боз топурактуу жерлеринде өсөт. Көкөмерендин гүлдүү сабак, жалбырагында 0,15- 0,30% эфир майы бар, анда 60-48% пулегон жана пинен, ментон, ментол бар.

Ой-пикирлер