Аюу кулак
Аюу кулак - норичниктер тукумундагы эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Европа, Алдыңкы Азия, Түндүк Африка, Америкада өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында 45, анын ичинде Кыргызстанда 7 түрү бар. Көп кезиккен түрлөрү - кадимки аюу кулак, чыгыш аюу кулагы.
Сабагынын бийиктиги 150 сантиметрге жетет. Жалбырактары тушташ жайгашат. Чачы, топ гүлү сабактын уч жагында өсөт. Жол боюнда, шалбаада кезигет. Каршы күрөшүү чаралары: аюу кулак гүлдөй электе чаап, аңызды айдайт. Кадимки жана дары аюу кулактын гүлү какырык чыгаруучу, ичти жумшартуучу дары катары да колдонулат.
- Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу
- Аммиак тууралуу маалымат
- Ветеринария мыйзамдары
- Колхозчу дыйкандардын калыптанышы
- Кыргызстан айыл чарба институту
Ой-пикирлер