Кирүү

Гельминтсиздендирүү деген эмне

Гельминтсиздендирүү - гельминттерди жок кылуучу механикалык , физикалык , химиялык жана биологиялык чаралардын жыйындысы. Мында гельминт жуккан киши, мал, өсүмдүк жана короо-сарай, шайман, суу, тоют, жер семирткич катары чачылчу кык, жайыт гельминттен арылтылат. Гельминтсиздендирүүнүн 2 түрү бар: дарылоо жана алдын алуу. Алдын алуу көбүнчө мал чарбасында кеңири колдонулат.

Малды гельминтсиздендиргенде антигельминттик ыкма, короо-сарай, шаймандарды гельминтсиздендирүүдө ысык суу, буу, от колдонулат. Антигельминттер ылаңдуу малга гана эмес, аны менен бирге багылган малдын баарына берилет. Бул чара гельминтоздордун эпизоотоласына жана мите курттун биологиясына жараша белгилүү мөөнөттө уюштурулат.

Ой-пикирлер