Ит жүзүм сымалдар
Ит жүзүм сымалдар - эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Негизинен чөп өсүмдүк. Чанда бадал, анча чоң эмес дарак (тропикте) түрүндө да кездешет. Жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү кош жыныстуу, мөмөсү чанакча, чанда данек сымал. 1,7 миңдей түрү бар. Негизинен тропик, субтропик жана мелүүн алкактарда өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында 20дай түрү бар. Негизги уруулары: ит жүзүм, томат, тамеки жана башка. Ит жүзүм сымалдарга маанилүү эгилме өсүмдүктөр - картошка, томат, баклажан, жашылча калемпири, тамеки, махорка кирет. Көптөгөн ит жүзүм сымалдарда - чочко жаңгак, меңдубанада дары-дармек алууда колдонулуучу алкалоиддер жана башка заттар болот. Айрымдары (петунья, тамеки жана башка) кооздук үчүн өстүрүлөт.
- Консерва заводу
- Атайын тандоо, жаңы түр алуу
- Жылкыны үйүрдө багуу
- Мичурин Борбордук илимий лабораториясы
- Жугуштуу анемия
Ой-пикирлер