Кирүү

Жайдары кой породасы

Жайдары кой - эт-май багытындагы куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Өзбекстандагы жергиликтүү куйруктуу кой менен гиссар, кыргыз, казак коюн аргындаштыруудан чыгарылган. Жайдары кой чоң, сөөктүү, дөң тумшук, буту кыска. Тез жетилип, жыл бою жайытта багылат. Өңү негизинен кара жана кызыл. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 95-100 килограмм, соолугу 70-72 килограмм. Соолугунан 2-3 килограмм, кочкорунан 2,7-3,5 килограмм жүн кыркылат. 56-60% таза жүн алынат. 52-56% эт, 22% га чейин май чыгат. Өзбек ССРинде асыралган.

Ой-пикирлер