Кирүү

Ак көпөлөктүн чарбадагы зыяны

Ак көпөлөк - күндүзгү ири көпөлөктөр тукуму. Ак сары, кызыл, кээде кара түстө болот. Бардык жерде кезигет. 500 дөн ашык түрү, Орусияда 80дей түрү бар. Көбүнчө кайчы гүлдүүлөргө - капуста, шалгам ж. б., ошондой эле мөмө-жемиш бактарына, долоного чоң зыян келтирет.

Алардан капустачы ак көпөлөк өтө зыяндуу. Капустачы ак көпөлөк Орусиянын Европа бөлүгүндө Кавказ, Орто Азия, ошондой эле Кыргызстанда тараган. Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө апрелдин башында, Таласта апрелдин ортосунда, Ысык-Көлдө апрелдин аягында учат. Көпөлөк үч жумадан кийин жалбырактын астыңкы бетине топ-тобу менен 1000дей сары жумуртка таштайт. 4-6 күндөн кийин жумурткалардан кара тактуу саргыч жашыл малактар чыгып, алар алгач чогуу болот да кийин өсүмдүккө тарайт да аны жеп куурчакчага айланып, 10-12 күндөн кийин көпөлөк болуп чыгат. Кыргызстанда капустачы ак көпөлөк 3-4, шалгамчы көпөлөктөр 2-3 жолу тукумдайт.

Ой-пикирлер